Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Кара деңизде чөгүп кеткен кеменин экипаж мүчөлөрү изделүүдө


Керч кысыгы.
Керч кысыгы.

Кара деңизде чөгүп кеткен жүк ташуучу кеменин экипажынын дайынсыз жогологон тогуз мүчөсүн издөө иштери уланууда, үчөө куткарылды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди. Издөө иштерине аба ырайынын начарлашы тоскоол болууда.

Панама туусунун алдында бараткан кеме Орусиянын Ростов облусунан Түркияга буудай ташып бараткан. Ал Кара деңиз менен Азов деңизин бириктирген Керч кысыгында 19-апрелде радарлардан жоголуп кеткен. Жергиликтүү орус бийликтери кабарлагандай, экипаждын курамында тогуз украиналык, эки орусиялык жана бир грузин болгон.

Росморфлоттун маалымат катчысы кеме Маршал аралында катталган түркиялык компанияга караштуу экенин билдирди.

Азырынча кеме эмне себептен чөккөнү белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG