Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

Кыргызстан Иранга виза тартибин жеңилдетет


Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф менен жолугушуудан кийин өткөн басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Ирандын жарандары үчүн "ишкердик" жана "туризм" категориялары боюнча визаны жеңилдетилген тартипте берет. Мындай аракет эки өлкөнүн бизнес жана туризм тармактарында кызматташтыгын жогорулатууга негиз берет.

Эрлан Абылдаевдин билдиришинче, жакында Кыргызстан менен Ирандын ортосунда түз авиакаттам калыбына келет. Азыр "Эйр Манас" компаниясы ирандык эки авиакомпания менен сүйлөшүүдө.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифти бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Ал Кыргызстанга 18-апрелде расмий сапар менен келип, Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-иран бизнес форумуна да катышты. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG