Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Ноокенде сел каптаган жерлерден эл көчүп жатат


Черемушки айылындагы топон суу. 19-апрель, 2017-жыл.
Черемушки айылындагы топон суу. 19-апрель, 2017-жыл.

Жалал-Абаддын Ноокен районунда сел каптаган аймактардагы эл коопсуз жерлерге, жакындарынын үйлөрүнө көчүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай,19-апрелде Кара-Үңкүр дарыясында суу ташкындап, Арал айыл аймагындагы тосмонун 250 метрдей жерин жууп кеткен. Андан Мазар кыштагындагы 234 турак жайды, 2138 гектар жерди суу каптоо коркунучу жаралган. Учурда аймактагы №55 Өрткө каршы бөлүмүнүн 19 куткаруучусу, 150 жергиликтүү тургун суу жолун бууганга аракет кылууда. "Би-Калина" ишканасынан 15 техника тартылды. Жүк унаасы менен 15 жолу таш төгүлүп, 20 дарак кесилди.

Арал айыл аймагындагы Черемушки кыштагынын тургундары "Азаттык" радиосуна кайрылып, алардын жашаган жерин да суу басып жатканын айтып, сүрөт-видео жөнөтүштү. Азырынча бул айылга куткаруучулар бара элек. Тургундар өздөрү коопсуз аймактарга көчүп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Черемушки боюнча тактап, кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Ошондой эле 19-апрелде түштөн кийин аталган райондун Сакылды айыл аймагындагы Чек, Кыргызстан, Кормоцех кыштактарында суу каптоо коркунучу бар жерде жашаган кожолуктарды көчүрүү башталды.

Кыргызстанда ушул күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында суулар ташып, сел коркунучу күчөгөн. Айрым жерлерде жер көчүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG