Бишкектин Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү 400 доллар пара менен кармалды. Бул тууралуу 19-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, быйыл февралда жергиликтүү тургун ага алдамчылардын үстүнөн арызданган. Тергөөчү кылмыш ишин ачуу үчүн 500 доллар алган. Бирок кылмыш иши ачылган эмес. Акчаны ээсине кайтарып жаткан учурда, 18-апрелде колго түшкөн. Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрү кесилишкен жерде акчанын 400 долларын ээсине берип жатканда ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармаган.
Ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгы иликтеп жатат. (SE)