Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганды анын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө жол ачкан референдумдун өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу Кремл жана Түркиянын мамлекеттик маалымат каражаттары 18-апрелде билдирди.
Кремл кабарлагандай, эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Путин Эрдоганды "референдумду ийгиликтүү өткөрүп алышы" менен куттуктады.
Бир күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп да Эрдоганды референдумдагы "жеңиши" менен куттуктаган. 16-апрелде өткөн добуш берүүнүн жыйынтыктарын оппозиция жокко чыгарууга чакырып, ал эми Евробиримдик салкын кабыл алды.
Түрк медиасынын кабарлашынча, Путин менен Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу алака маанилүү экенин белгилешип, Сириядагы ок атышпоо режимин колдоону уланта берерин сүйлөштү.