Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Таласта Казакстандан товар ташыгандар нааразылык билдиришти


Нааразылык билдирген айдоочулар. Талас, 19-апрель, 2017-жыл.
Нааразылык билдирген айдоочулар. Талас, 19-апрель, 2017-жыл.

Казакстандын Тараз шаарынан Таласка товар ташыган айдоочулар чек арадан өтүүдө тоскоолдук болуп жатат деп нааразылык билдиришти. Отуздай адам бүгүн облустук акимчиликтин алдына чыгып, Казакстандан оңой өтүп, бирок Кыргызстандын чек арасында көп чыгымга учурап жатканын айтышты:

- Бир киши бир тонна эле цемент алып өтүшү керек. Андан ашса 12 пайыз кошумча нарк салыгын (НДС) төлөйсүң. Болбосо автоунааны алып барып жеке кармоочу жайда камайт. Ал жерде күнүнө 500 сом алат. Негизинен машинени жума күнү токтотот. Ошондо үч күнгө 1500 сом төлөйсүң. Биз бир эле адамдын товарын алып келбейбиз. Он кишинин буюмун салсаң, ар бир соодагерди "өткөрмө бекетке алып кел" деп кыйнашат,- деди чогулгандардын бири Бактыбек Мамырбеков.

Нааразы тарапты өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев кабыл алды. Өкмөттүн буйругу менен мобилдик топ түзүлүп, ар бир өткөрмө бекеттерде мыйзамсыз кирген товарлар текшерилип жатканын белгиледи:

- Бул кишилердин талаптары боюнча Салык кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын, Экотехинспекциянын өкүлдөрү менен жолугуштук. Жүктү убактылуу сактоочу терминалдын баасын төмөндөтүү боюнча убада бердик. Мындан тышкары, Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөткө кайрылуу жиберүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Калган маселе мыйзам чегинде чечилет.

Казакстандан Кыргызстанга азык-түлүк, курулуш материалдары ташылат. (AlS/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG