Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

ЖК мародерчулук боюнча токтомго добуш берүүнү кийинкиге калтырды


19-апрелде Жогорку Кеңеш 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап, токтомго добуш берүүнү кийинкиге калтырды.

Талкуу учурунда атамекенчи депутат Алмамбет Шыкмаматов алардын фракциясынын, анын лидери Өмүрбек Текебаевдин мародерчулукка тиешеси жок экенин айтса, комиссиянын төрагасы Анвар Артыков корутундуда “Ата Мекен” партиясынын катыштыгы бар деп жазылбаганын айтты. Талкуунун жыйынтыгында төрага Чыныбай Турсунбеков комиссия сунуштарды эске алуу менен жаңы токтомдун долбоорун алып чыгарын белгиледи.

12 депутаттан турган комиссия өткөн жылы октябрь айында түзүлгөн. 13-апрелде депутаттарга берилген корутундуга комиссиянын эки мүчөсү - "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алмаз Жутанов кол койгон эмес. Комиссия төрагасы Анвар Артыков мародерчулук боюнча иштерди тергөөдө тоскоолдук болгонун айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG