Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында мамлекеттик мекемелерге тийиштүү жерлерди кайтаруу маселеси талкууланып, токтом кабыл алынды. Ага ылайык, Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына тиешелүү мүлктөргө ушул жылдын 1-июнуна чейин инвентаризация жүргүзүлүүсү тийиш.
Мындан сырткары менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт мекемелерине жумшоо, мыйзамсыз ижарага берүү, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери боюнча жаңы табылган фактылар жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына жиберүү өңдүү бир катар тапшырмалар каралган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан 197 бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилген, 271и максатсыз пайдаланылып кеткен. Ошондой эле 36 маданий жай менчиктештирилсе, алардын үчөө мыйзамсыз жеке менчикке өткөнү аныкталды.(КЕ)