Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Назарбаев сакал коюуга мыйзам чегинде тыюу салууга чакырды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-апрелде Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын лидери менен жолукту.

Астанада өткөн иш-чарада өлкө башчысы айрым казак жарандарынын сакал коюп, кыска шым кийип жүргөнү казак салтына жана элине жат экенин белгилеп, буга мыйзам чегинде тыюу салууну караштырууну сунуштады.

- Караңгылыктын айынан биздин жаштар сакал өстүрүп, шымдарын кыскартып алууда. Толугу менен карага чүмкөнүп алган казак кыздары көбөйдү. Бул биздин салтыбызга да, элибизге да жат көрүнүш. Буга мыйзам чегинде тыюу салуунун жолун караштыруу керек. Казактар аза күткөндө гана кара кийген, - деди Назарбаев.

Казак президенти керек болсо өкмөт башкармалыкты колдоп, миңдеген имамдардын профессионалдуу деңгээлин көтөргөнгө жардам берерин кошумчалады.

Казакстан президентинин администрациясы тараткан билдирүүдө Назарбаев бул жолугушууда өлкө үчүн исламдын ханафи мазхабы салттуу экенин баса белгиледи.

Казакстан бийликтери соңку жылдары өлкөдө исламдын башка багыттары, тактап айткан салафизм менен вахабизмдин өрчүп баратканына тынчсызданып келишкен.

XS
SM
MD
LG