Чүй облусундагы №27 абактын башчысынын жардамчысы мекемеге өзү менен кошо маңзат алып кирип баратканы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, күзөтчү абакка кирип бараткан кызматкердин бир нерсе жашырып өтүп баратканын байкап калган. Текшерүүдө майдын ичине салынган 114 граммдан ашуун гашиш табылган. Жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган кызматкер эки айга тергөө абагына камалды. Бул иш УКМКга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Аталган мекеменин Ички коопсуздук кызматы былтыр 76 материалды карап, 11 кызматкер иштен алынган.
Былтыр жазында Жаза кодекси өзгөргөн жана диний радикализм боюнча соттолгондорду өзүнчө кармоо тууралуу жобо кирген. Ага ылайык, диний экстремизм боюнча соттолгондор Чүй облусундагы №27, 47 жана 3-абакта кармалат.
Буга чейин аталган мекеменин кызматкерлерине карата абактагылар менен кызматташат, маңзат, тыюу салынган буюм-тайым, акча, телефон киргизет деген дооматтар айтылып келген. (КЕ)