Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Балыкчы: ооруканада газдан ууланган беш окуучу калды


Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Балыкчы шаардык ооруканасынан 19-апрелде газдан ууланган окуучулардын бири чыгарылды. Бүгүн дагы беш окуучу чыгарылат.

2002-жылы туулган бир окуучу эски оорусуна байланыштуу Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна дарылануу үчүн жиберилмей болду. Азыр Балыкчы бейтапканасында жабыркаган беш окуучу дарыланууда.

Балыкчы шаардык мэриясынын маалыматына караганда, окуучулар өзүн коргоодо колдонулчу (перцовый газ) газдан ууланганы аныкталды. Он беш жаштагы окуучу апасынын газ баллонун мектепке алып келген. 11-класстын окуучуларына көрсөткөндө алар мектептин коридоруна чачып жиберишкен.

17-апрелде Балыкчыдагы №3 Канат Абдылдаев атындагы мектептин коридорундагы жаман жыттан 14 окуучу ууланып, ооруканага жеткирилген. Алардын 11и кыздар. Милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүргүзүүдө. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG