Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Укук коргоочулар зомбулуктан коргоо мыйзамын колдоого чакырышты


Кыргызстанда укук коргоочулар президентке кайрылып, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо" жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырышты. Алар бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, бул мыйзам кабыл алынса, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук азайып, анын алдын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк деген ойлорун айтышты.

"Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын билдиришинче, бул мыйзам үй-бүлөгө коомчулуктун кийлигишүүсүн камсыздап, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин көтөрөт:

- Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бүгүнкү мыйзамдарда жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги жок. Айыл өкмөт, айыл же квартал башчылары кандайдыр бир көйгөй же кылмыш болсо, министрликтерге жиберип коюп, өздөрү көңүл бурбайт. Алар мындай көйгөйлөрдү көйгөй деп эсептебейт. Бул мыйзамда коңшулар менен айылдаштардын, мугалимдердин маселеге аралашуусуна шарт түзүлөт. Президент кол коюп, документ кабыл алынса, ар бир адамдын, эненин, баланын жана карыянын укуктары корголот деп ишенебиз.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо" жөнүндөгү мыйзамды иштетүү үчүн жылына 25 миллион сом керектелет. Расмий маалыматтарга таянсак, акыркы эки жылда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 481 кылмыш иши катталган. Анын 36сы үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин өлүмү менен коштолгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG