Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусия БУУнун Түндүк Корея боюнча резолюциясын четке какты


Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы
Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарын сыноосун айыптаган резолюциясы өтпөй калды. Аны Кеңештин калган мүчөлөрү колдоп, туруктуу мүчөлөрүнүн ичинен Орусия гана четке каккан.

Москва маселени "тынч, дипломатиялык" жолдо чечүү деген мааниге катар "диалог менен" деген сөз айкашын кошууну каалаган.

19-апрелде жасалган сунуш кабыл алынса, Түндүк Корея "мындан ары өзөктүк сыноосун жүргүзбөшү" жана өткөн жекшембидеги ийгиликсиздиктен соң баллистикалык ракеталарын учурууну да токтотушу талап кылынмак.

Ошондой эле анда Түндүк Кореяны "бейстабилдүүлүктү ашкере тереңдеткен кадамдарына" "максималдуу тынчсыздануу" билдирилмек.

Коопсуздук Кеңеши өткөн айда үч ракетанын атылышын бир добуштан айыптап, "Пхеньяндын бейстабилдүүлүктү тереңдеткен жүрүм-турумуна" олуттуу тынчсыздануу билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG