Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Пакистан премьери Наваз Шарифтин иши дагы тергелет


Наваз Шариф
Наваз Шариф

Пакистан Жогорку соту премьер-министр Наваз Шарифтин коррупция боюнча ишин иликтөөнү улантуу керек деп чечти. Ошол эле учурда аны ээлеген кызматынан четтеткен жок.

20-апрелдеги бүтүмүндө соттук комиссиянын беш мүчөсү Шарифти кызматтан чегиндирүүгө негиз жетишсиз деди жана биргелешкен тергөө тобун түзүүнү буйруду.

Баш калаа Исламабаддагы сот өткөн жылы башталган. Ага Панама оффшорунан ашкереленген маалыматтар арасында Наваз Шарифтин балдарынын эсептери бар экени негиз болгон.

Анда Шарифтин үй-бүлөсү мыйзамсыз байлыктарын адалдоо же салыктан качуу үчүн оффшордук компанияларды колдонулушу мүмкүндүгү айтылган. Оппозиция эгер бул маалыматтар иликтенбесе каршылык акцияларын баштарын эскерткен.

Шариф жана анын балдары мыйзамдарды бузушпаганын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG