Кыргызстанда 21-апрелде мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23;
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12 , күндүз 17...22;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз 19...24;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17;
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17;
Бишкек шаарында 21-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 20...22 градус жылуу болот.