Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Бишкектеги Sapat Center бизнес-борбору курчоого алынды


Нариман Түлеев баштаган элүүдөй адам күч кызматкерлерине нааразы болууда.
Нариман Түлеев баштаган элүүдөй адам күч кызматкерлерине нааразы болууда.

Бишкектеги Sapat Center бизнес-борборунун имаратын күч кызматкерлери 21-апрелде эртең менен курчоого алды. Күбөлөрдүн айтымында, таңкы саат бештен тарта эч ким киргизилбей жатат. Бул жай шаардын мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеевдин туугандарына таандык.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлү Нурлан Мамытовдун маалыматына караганда, Мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен имаратты өкмөткө өткөрүү иши жүрүп жатат.

Жеринде канча милиция бар экени так эмес. Нариман Түлеев баштаган элүүдөй адам аларга нааразылык билдирүүдө. Түлеев имаратты курчоого алууга уруксат берген документ көрсөтүлбөгөнүн айтты. Тартип сакчылары бардык аракеттер мыйзамдуу экенин белгилешүүдө.

Бизнес-борбордо негизинен ижарачылар иштешет. Алар да кеңселерине кире албай жатканын маалымдашты.

Нариман Түлеевге жана анын жакындарына таандык экени аныкталып камалган мүлк мамлекеттин эсебине чегерилгени быйыл февралда расмий кабарланган.

2012-жылдын августунда Түлеевге мамлекеттик каражатты кымырып алган деген айып тагылган. Ал камакка алынып, 2016-жылдын 7-майында бошотулган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG