Президент Алмазбек Атамбаев «Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Ага ылайык, Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгиленет.
Эки айлык мөөнөттө мааракеге даярдык көрүү жана аны уюштуруу комитетин түзүү, иш-чаралардын планын иштеп чыгып бекитүү, республикалык бюджеттен каражат бөлүү өкмөткө сунушталды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарыкка келип, 2008-жылы 10-июнда көз жумган. Көзү тирүү болгондо 2018-жылы 90 жашка чыкмак. Анын туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабият күнү деп жарыяланган. (NT)