Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Базар-Коргон: ууланган адамдар ооруканадан чыгууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ооруканасында тамак-аштан ууланган 24 адам жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын төртөө балдар. Азыр баарынын абалы туруктуу. 20-21-апрелде он бир адам бейтапканадан чыкты. Бүгүн да чыга тургандар бар.

18-апрелден тарта райондук оорукананын инфекциялык оорулар бөлүмүнө тамак-аштан ууланган 35 адам түшкөн. Райондук ооруканадан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, алар 15-апрелде Правда айылындагы тойдон үйлөрүнө алып кеткен салаттан ууланган.

Республика боюнча быйыл жыл башынан бери тамак-ашка ууланган 31 учур катталып, 64 адам жабыркаган. 2016-жылы тамактан ууланган сегиз адам каза тапкан. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG