Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Париждеги кол салууну ИМ террордук тобу мойнуна алды


Кол салган кишинин машинесин полиция тинтүүдө, 20.04.2017
Кол салган кишинин машинесин полиция тинтүүдө, 20.04.2017

Парижде куралчан адам полициячыларга ок ачып, бир тартип коргоочу окко учту, экөө оор жараат алды. Шаар борборундагы Елисей талаасында 20-апрелдин кечиндеги кол салууну "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму уюштурганын мойнуна алды. Француз президенти Франсуа Олланд “террорчул аракетти” айыптап, ушул жекшембиде өтчү шайлоо алдында коопсуздукка катуу көңүл буруларын ишендирди. Бир нече талапкер шайлоо өнөктүгүн токтотуп, добуш берүүнү жылдырууга чакырышууда. Париж шаарынын прокурору кол салуу маалында полиция атып өлтүргөн адам жалгыз болгон деп болжолдоп, бирок ыктымал шериктерин аныктоо иши жүрүп жатканын маалымдады. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Пьер-Анри Бранденин айтымында, ал киши өз машинасын полиция машинасынын маңдайына токтотуп, ок жаадыра баштаган. Андан кийин жөө качууга аракеттенгенде полициячылардын огунан өлгөн.

Шаардагы белгилүү жайлардын бири курчоого алынып, бир нече убакыт жабык турду. Коопсуздук органдары кол салган адамдын үйүндө тинтүү жүргөнүн, ал экстремистттик көз караштары менен белгилүү болгонун, бирок далилдердин жетишсиздигинен улам февраль айында кое берилгени маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG