Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

"Боруссия" футбол клубунун автобусун жардырган шектүү адам кармалды


"Боруссия" Дортмунд түшкөн автобус
"Боруссия" Дортмунд түшкөн автобус

Немис бийлиги "Боруссия" Дортмунд футбол командасынын автобусуна кол салууга шектелген адамды кармады.

Федералдык прокуратура немис жана орус жарандыгы бар 28 жаштагы Сергей В. 21-апрелде Тюбинген шаарында колго түшүрүлгөнүн билдирди. Ага адам өлтүрүү аракетин көргөн, ден соолукка залака келтирген деген айып тагылды. Шектүү адам жардырууну клубдун акциялары түшүп кетет деген үмүттө уюштурганы белгилүү болду.

11-апрелде футбол командасы Чемпиондор Лигасынын алкагындагы беттешүүгө Дортмунд шаарынын стадионуна баратканда үч бомба жарылып кеткен. "Боруссиянын" оюнчусу, испаниялык Марк Бартра жана бир полициячы жараат алган.

Буга чейин полиция шектүү адамды кармаганын, анын исламчыл экстремисттер менен байланышы болушу мүмкүн экенин кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG