Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Кремл Ыраакы Чыгышка аскер жөнөтүлдү деген кабарды комментарийлебейт


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремл Орусия оор аскердик техникасын Түндүк Корея менен чек арага жылдырууда деген маалымат каражаттарындагы кабарларды комментарийлебей турганын билдирди. Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "скерлердин өлкө ичинде эки жакка жылдырылышы ачык талкуулай турган маселе эместигин 21-апрелде айтты.

Буга чейин Ыраакы Чыгыштагы маалымат каражаттары кабарлагандай, жергиликтүү жашоочулар Түндүк Корея менен чектеш аймакка поездге жүктөлгөн аскерий техника жеткирилип жатканына күбө болушкан. Мындай аракет Пхеньян менен Вашингтондун мамилеси курчуп турган учурга туш келди.

Түндүк Корея менен АКШ ортосундагы чыңалуу Пхеньяндын соңку мезгилдерде бир нече баллистикалык ракеталарын учуруп, сыноо өткөргөндөн кийин өскөн. 19-апрелде АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтон кандай гана чабуул болбосун эффективдүү жооп кайтарарын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG