Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Бишкекте машине коюп кеткен окуучулар реанимацияга түштү


Бишкектин Бакаев жана Ремесленная көчөлөрү кесилишкен жерде 21-апрель күнү эки мектеп окуучусун Mersedes-Benz С-class үлгүсүндөгү машине коюп кетип, экөө тең реанимацияга түштү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, балдар №3 клиникалык ооруканада. Бирөө өзүнө келип, экинчиси эс-учун билбей жатат.

Бишкек шаардык Патрулдук милиция мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, балдар №74 мектептин 3-классынын окуучулары. Алар жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде баратканда кырсыкка кабылган. Айдоочу качып кеткен. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Окуя болгон жерден унаанын 08 KG 382 ААF номуру табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, машине Чүйдүн Маловодное айылында каттоодон өткөн.

Бул боюнча кошумча маалымат бар адамдар төмөнкү телефондорго байланышса болот: (0312) 53-22-33, 53-01-81.(SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG