Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Нарында дин өкүлдөрү окуучуларга сабак өтүүдө


Нарын облусунда казыят өкүлдөрү мектеп окуучуларына ыйман жана маданият жаатында сабак өтүүдө.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жыл Кыргызстанда "Ыйман жана маданият жылы" деп жарыялангандыктан, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн атайын иш-тартиби бекитилген. Анын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирге облустук казыяттын өкүлдөрү мектептерде окуучуларга маданияттуулук жана ыйман боюнча сабак өтүп жатышат.

Кыргызстанда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу иштерине соңку кездери дин кызматкерлерин тартылууда. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG