Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 13:28

21-апрелде тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча акыркы айыбы угузулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Комитеттин маалыматында быйыл 25-февралда Башкы прокуратура Текебаевге жана башка адамдарга карата Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция), 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-жана 3-пунктунун (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев жана Чотонов кармалган. 27-февралда аларга коррупция боюнча айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Текебаев менен Чотоновдун камактагы мөөнөтү 25-апрелде аяктайт. Адвокаттардын билдиришинче, алардын мындан кийинки баш коргоо чарасы 25-апрелге чейин аныкталууга тийиш. УКМК тергөөчүлөрү эки саясатчыга байланышкан документтерди Биринчи май райондук сотуна 20-апрелде бергени белгилүү болду. Атайын кызмат сотко кандай сунуштама бергени, алардын камактагы мөөнөтү узартылабы-жокпу, азырынча белгисиз. Сот ишти Бишкектеги мурдагы Аскер сотунун имаратында бүгүн карайт.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, Текебаев менен Чотоновду бошотууну талап кылган тарапкерлери ушу тапта Аскер сотунун алдына турат. Буга чейин алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун жана Ак үй алдында акция өткөрүшкөн. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG