Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Бишкекте машине коюп кеткен балдардын абалы оор


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте машине коюп кеткен эки мектеп окуучусунун абалы оор. Бирок операция кылуунун кажети жок. Бул тууралуу алар жаткан №3 шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Абалдары оор. Операция азырынча керек эмес. Адистер абалды изилдеп жатат. Кан басымдары бир калыпта. Бирок экөөнүн тең мээси чайкалган. Биринин буту, экинчисинин колу сынган.

21-апрелде Бакаев жана Ремесленная көчөлөрү кесилишкен жерде №74 мектепте 3-класста окуган эки окуучуну Mersedes-Benz С-class үлгүсүндөгү машине коюп кеткен. Алар жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде баратканда кырсыкка кабылган. Айдоочу изин жашырган. Окуя болгон жерден унаанын 08 KG 382 ААF номуру табылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, машине Чүйдүн Маловодное айылында каттоодон өткөн.

Кошумча маалымат бар адамдар төмөнкү телефондорго байланышса болот: (0312) 53-22-33, 53-01-81.(SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG