Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Лукашенко Москваны кайрадан сындады


Беларус президенти Александр Лукашенка Орусия Евразия экономикалык биримдигинде үстөмдүк кылууга аракеттенүүдө деп сындады. Бүгүнкү парламентке жылдык кайрылуусунда Лукашенко биримдик мүчөлөрү ортосунда "бирдей, бири-бирин урматтаган байланыштарды" түзүү оор экенин белгиледи.

“Биз улам бир нерсени талашып-тартышып жүрөбүз” – деген президент "баалар согушу" өкүм сүргөнүн, мамлекеттер орток казынадагы акчаны калыс бөлүштүрө албай келатканын айтты. Байкоочулардын баамында, Орусия президенти Владимир Путин Беларус, Казакстан, Армения жана Кыргызстан кирген блокту пайдаланып, Москванын мурдагы советтик жумурияттарга таасирин күчөтүүнү көздөйт.

Ошол эле маалда өз кайрылуусунда Лукашенко Минск менен Москванын алакаларын стратегиялык катары мүнөздөп, Путин менен өз ара "ишенүү мамилелерди" түзгөнүн кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG