Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:51

Кыргыз театры Эл аралык фестивалда 2-орунга татыды


Кыргыз улуттук академиялык драма театры Казакстанда өткөн "Театр жазы- 2017" Эл аралык фестивалында 2-орунга ээ болду. Кароо-сынак Казакстандын Чымкент жана Түркстан шаарларында өттү. Бул тууралуу аталган театрдын адабият бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы "Азаттык" радиосуна кабарлады.

Кыргыз театры фестивалга драматург Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” спектакли менен катышты. Пьеса жалпы түрк дүйнөсүнө тиешелүү маданий мурас - 8-кылымда Сыр-Дарыя боюнда жашап өткөн атактуу акын, күүлөрдүн устаты Коркут Ата тууралуу жазылган.

"Театр жазы-2017" Эл аралык фестивалы түрк тилдүү мамлекеттер арасында өтүп келет. Быйыл ал казактын тунгуч режиссеру Жумат Шаниндин 125-жылдык мааракесине арналып, 17-22-апрелде өткөрүлдү.(ZA)

XS
SM
MD
LG