Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:27

Машине коюп кеткен балдардын бири өзүнө келди


21-апрель күнү Бишкекте жол кырсыгынан жабыркаган эки окуучунун бири өзүнө келди. Бул тууралуу Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы врачынын орун басары Данияр Шайбеков “Азаттыкка” билдирди.

Жабыркаган балдардын экөө тең азыр реанимация бөлүмүндө жатышат. Бирөө өзүнө келе элек.

21-апрелде Бакаев жана Ремесленная көчөлөрү кесилишкен жерде №74 мектепте 3-класста окуган эки окуучуну Mersedes-Benz С-class үлгүсүндөгү машине коюп кеткен. Алар жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде баратканда кырсыкка кабылган. Айдоочу изин жашырган. Окуя болгон жерден унаанын 08 KG 382 ААF номуру табылып, кийинчерек кылмышка шектүү да кармалды. (BCh)

XS
SM
MD
LG