Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

CNN: Орусиялык агенттер Трамптын шайлоо штабына кирүүгө аракет кылышкан


Алар штабдагы адамдар менен байланышууга аракеттенген. CNN өз булактарына таянып жазганы боюнча, Трамптын талапкер учурундагы чөйрөсүнүн орустар менен байланышын иликтеп жаткан ФБРдин кызматкерлери ушундай чечимге келишкен.

Орусиялык агенттер өздөрүнө тартууга аракет кылгандардын бири Картер Пейж Дональд Трамптын жардамчысы болгон. Ага орусиялык чалгын кызматкерлери Нью-Йорктогу түрдүү орус ишканаларынын өкүлчүлүктөрү катары байланышка чыгып жүргөнү мурда эле маалым болгон. Пейж аларга америкадагы энергетикалык индустрия боюнча ачык маалыматтарды бергенин ырастап келет.

CNNдин ФБРдеги булактары маалымдагандай, аларда орус чалгын кызматы Трамптын шайлоо алдындагы штабына аралашууга аракет кылганы тууралуу маалымат бар. Пейж болсо бардык интервьюларында орус өкүлдөрүнө эч кандай жашыруун сырларды бербегенин маалымдап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG