22-апрелде Борбор Азиядагы Америка университетинде жетимиштен ашуун компаниянын өкүлчүлүктөрү катышкан иш орундарынын жармаңкеси болуп өттү. Ага катышкан компаниялар студенттерге иштөө принциптерин жана жумушка орношууга тиешелүү талаптар тууралуу кеңири маалымат берип, азыркы тапта эмгек биржасында популярдуу болгон кесиптердин ээлери атайын лекцияларды окушту. (BCh)