Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Жол кырсыгынан жабыркаган балдардын бири өзүнө келе элек


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Балдар ооруканага түшкөндөн бери дарыгерлер төрт жолу консилиум жасашты. Балдардын башы томографияга тартылды. Анын негизинде дарылоо жүрүп жатат. Алымбектин абалы оорураак, жакшы болуп кетет деген үмүтүбүз бар. Эрбол болсо бүгүн эртең менен өзүнө келген. Өзүнүн акыбалы тууралуу дарыгерлер менен сүйлөшүп жатат. Балдарыбыз эсен-аман айыгып, ата-энелеринин жанында болушса экен деп тилеп атабыз.

Талантбек Батыралиевдин айтуусунда, балдарга керектүү дары-дармектер жетиштүү. Жабыркаган балдардын экөө тең азыр реанимация бөлүмүндө жатышат.

21-апрелде №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун Mersedes үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Алар жөө адамдар өтүүчү тилкеде баратканда кырсыкка кабылган. Айдоочу изин жашырган. Окуя болгон жерден унаанын 08 KG 382 ААF номуру табылып, кийинчерек кылмышка шектүү да кармалды.(BCh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG