Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Илимди саясаттан коргоого арналган марштар өттү


Сиднейдеги "Илим үчүн марш". 22-апрель, 2017-жыл
Сиднейдеги "Илим үчүн марш". 22-апрель, 2017-жыл

22-апрелде дүйнөнүн жүздөгөн шаарларында жүз миңдеген кишилер илимди саясаттан коргоого чакырып, көчөгө чыгышты. АКШнын Нью-Йорк, Вашингтон баштаган жүздөгөн шаар жана шаарчаларында окумуштуулар, активисттер жана карапайым адамдар "америкалык демократиядагы илимдин маанилүү ордун" колдоп маршка чыгышты. Алар президент Дональд Трамптын илимий изилдөөлөрдү каржылоону азайтуу сунушуна жана глобалдык жылуулук маселесине Трамптын администрациясы сын көз караш менен караганына нааразылыгын айтып жатышты.

Берлинде 11 миң киши илимди жактап, митингге чыкканы айтылды. Ошондой эле "Илим үчүн марштар" Париж, Лондон, Бонн, Хельсинки, Мүнхен, Стокгольм шаарларында жана Австралия менен Жаңы Зеландияда болуп өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул акциялар илимий маалыматтарды саясий кызыкчылыктарга колдонуу аракеттерине жооп болду. Алардын белгилөөсү боюнча, илимди саясатташтыруу климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүгө, эволюциянын теорияларын жана сексуалдык саламаттык тууралуу окутуулардын, эң башкысы фундаменталдык изилдөөлөрдү каржылоонун токтошуна алып келет.

XS
SM
MD
LG