Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Жыргалаң көмүр кениндеги шахтерлорду издөө иши уланууда


Жыргалаң көмүр кени.
Жыргалаң көмүр кени.

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаевдин "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, издөө иштери кечээ саат беш жарымдан бери уланууда:​

- Авария болуп, эки бала ичинде калыптыр. Ошондон бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, жергиликтүү эл, райондук, облустук бийлик өкүлдөрү болуп, куткарууу иштерин жүргүзүп жатабыз. Тирүү алып чыгабыз деген үмүт бар.

Талгат Мукалаевдин маалыматы боюнча, уранды алдында калган шахтерлор - жергиликтүү тургундар. Аларды куткарып калуу үчүн көмүр кениндеги сууну сордуруп алууга Кумтөр алтын кенинен атайын насостор суралган.

22-апрель күнү кечинде, саат 17:30дар чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң көмүр кенинде кырсык болуп, эки кишини басып калганы кабарланган. (AsM/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG