Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Луганскта ЕККУнун унаасы жарылып, бир киши набыт болду


ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын кайгуул кызматы Донбасста минага жарылып, андан бир кызматкер набыт кетти. Дагы бирөө жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн Австриянын тышкы иштер министри, ЕККУнун учурдагы төрагасы Себастьян Курц маалымдады. Ал Твиттердеги баракчасына "Украинадан оор кабар келди, миссиянын унаасы минаны тебелеп, бир кызматкер мерт кетип, дагы бири жаракат алды" деп жазган.

Мурдараак "Интерфакс" агенттиги Лугансктагы булактарына таянып, окуя Славяносерб районундагы Пришиб айылында болгонун, ЕККУнун унаасы жолго коюлган минага кабылып, жабыркагандар бар экенин маалымдаган.

Украинанын чыгышындагы Луганск жана Донецк облустарын орусиячыл козголоңчулар 2014-жылы ээлеп алып, бийлигин орноткон. 2015-жылы Минскте орусиячыл жикчилдер менен украин өкмөтүнүн аскерлеринин ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлган. ЕККУнун атайын мониторинг миссиясы буга көзөмөл кылып келет.

Украин өкмөтү жана жикчилдердин ортосунда 2014-жылдын жазында тутанган кармаштан баш-аягы оң миңдей адам мерт болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG