Кашка-Суу айылы Бишкек шаарынан түштүккө карай 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдан кийин эле тоолор башталат. Кашка-Сууда болжол менен жети миң түтүн эл жашайт. Айылдан жогорураак “Ала-Арча” жаратылыш паркы жайгашкан. Айыл тоого жакын болгондуктан, жакын эле жерден чабандарды, жылкычыларды жолуктурууга болот. Жаз келип айылга да, тоолорго көк чыгып, табият кооз болуп турган чагы.