Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Арменияда орусиялык аскер өлтүрүлдү


Аскердин сөөгү жергиликтүү дүкөндүн жанынан табылган.
Аскердин сөөгү жергиликтүү дүкөндүн жанынан табылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги жана Армениянын полициясы маалымдагандай, Гүмридеги Орусиянын 102-аскерий базасында кызмат өтөп жүргөн 21 жаштагы Дмитрий Ялпаев ишембиде өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратура аскердин сөөгү жергиликтүү дүкөндүн жанынан табылганын жана окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Атайын келишимдин алкагында кызмат өтөп жүргөн жоокерге жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 16:00дөрдө мойнуна бычак сайып кетишкен. Гүмри шаардык полициясы орус жоокерине кол салды делген шектүүнү кармаганы маалым болду.

2015-жылы ушул эле аскерий базанын жоокери Валерий Пермяков жергиликтүү бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүн атып салып, Түркияга өтүп кетүүгө далалат кылганда орус чек арачылары тарабынан кармалган. 2016-жылы ал өмүр бою эркинен ажыратылган.

2010-жылы Орусия менен Армения Гүмридеги база боюнча келишимди 2044-жылга чейин узартышкан. Ал жакта үч миңдей аскер кызмат өтөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG