АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда макулдашылган өзөктүк программа боюнча келишимди жокко чыгарууга шылтоо издеп жатат. Мындай билдирүүнү 23-апрелде Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи жасады.
- Бирок Иран буга жол бербейт жана бул суроо 2015-жылы жетишилген макулдашуунун жол-жоболорун аткаруу боюнча 25-апрелде Венада өтө турган, пландалган жыйында талкууланат, - деп кошумчалады Арагчи.
Төрт күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон макулдашуу Тегерандын атомдук мамлекет болуу дымагын гана кечеңдетип, бирок өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы чагымдарына бөгөт боло албайт деп билдирген.
АКШ мамкатчысынын айткандары боюнча Ирандын жообу күттүргөн жок. "АКШ Иранды айыптоонун ордуна 2015-жылкы өзөктүк келишимдеги өз милдеттерин аткарышы керек" деп жазды 20-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Твиттерге.
2015-жылдын июлунда Тегеран жана дүйнөлүк алты ири держава кол койгон макулдашууга ылайык, Иран уран байытуу иштеринен баш тартып, ядролук программасын чектеши керек. Бул үчүн Иранга каршы киргизилген санкциялардын бир бөлүгү алынмакчы.