Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:01

Франция: Макрон менен Ле Пен экинчи айлампага чыгышты


Эммаунэл Макрон шайлоонун экинчи айлампасына чыкты.

Бир нече сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 7-майда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына центрист Эммануэл Макрон жана ашынган оңчул, "Улуттук фронт" кыймылынын лидери Марин Ле Пен чыгышты.

Шайлоо бекеттеринде француздардан сурамжылоо жүргүзгөн кызматтардын маалымдатына караганда Макрон добуштардын 24%, ал эми Ле Пен 22% ээ болушту.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат бешке чейин добуш берүүгө укуктуу жарандардын 70% өз таңдоосун билдирди. Бул күнү өлкөдө күчөтүлгөн коопсуздук чаралары киргизилип, аны камсыздоого 50 миңдей полициячы жана аскерий күчтөр тартылды.

23-апрелде Францияда өткөн президенттик шайлоодо 11 талапкер ат салышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG