Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Арстанбапта жер көчкү эки кишинин өмүрүн алды


Көчкү жүргөн жер.
Көчкү жүргөн жер.

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында жер көчкү эки кишинин өмүрүн кыйды. Дагы эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Кырсык Арстанбап айыл өкмөтүнүн Жаңы-Хаят конушунда 23-апрель күнү кечки саат бештерде болгон. Көчкүгө кабылгандар айылдан алысыраак булактан суу улап жатышкан.

- Баары сегиз киши экен. Көчкү төртөөнү басып калып, калган төртөө качып үлгүрүшкөн экен. Айылга кабар берип, адамдардын жардамы менен үчөөнү куткарып алышыптыр. Бирөөнүн сөөгү табылды. Дагы бирөө катуу жаракат алган экен, ооруканага бараткан жолдо жан бериптир, аны кайра айылга алып кетишиптир. Мен азыр эле ооруканадагы экөөнү көрүп, кабар алып чыктым. Бирөөнүн акыбалы оорураак. Жамбашы сынып кетиптир. Экинчисинин да сөөктөрүндө жарака бар деп атышат,- деди Акматов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык болгон жердеги тогуз үй-бүлөгө коопсуз жерлерге көчүү тууралуу эскертүү берилген.

18-апрелден бери Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында дарыялар ташып, миңдеген гектар жерлерге жана жүздөгөн үйлөргө кооптуу кырдаал жаралды.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 136 табигат кырсыгынан алты адамдын өмүрү кыйылды. 500гө жакын жер көчкү активдешти. Азыр 286 кооптуу деп саналган тилкелердеги 1600дөн ашык үй-бүлө көчүрүлө элек. Былтыр облуста жыл бою 86 жолу өзгөчө кырдаал катталган. (RsK/ZKo)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кырсык тууралуу "Азаттык" радиосуна маалымат берди. Аны бул жерден угуңуз:

Арстанбапта жер көчкү эки кишинин өмүрүн алып кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00
Түз линк

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG