Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:05

13-апрелде Самарканд шаарынын 62 жаштагы тургуну көгүлтүр оттун акысын төлөөнү талап кылып келген «Самарканд-газ» ишканасынын кызматкерлерин аткан. Шаардык прокуратуранын маалыматы боюнча, ок анын көйнөгүн тешип, өзүнө тийген эмес.

Бул окуя "кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн жумушчуну атайылап өлтүрүү аракети" катары каралууда. Шектүүгө каршы кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Самарканд облустук милиция бөлүмү ок атылган аңчылык мылтыгы каттоодон өтпөгөнүн билдирди.

Коңшулары 62 жаштагы пенсионер наабайчылык менен алектенип келгенин жана газ ишканасынын кызматкерлерине ачуусу келип, ок атканын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG