Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

Казакстанда жети облусту суу каптап, алты киши өлдү


Кардын эришинен жана дарыялардагы суунун киришинен улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борбор шаарга да жакындап, мындан улам, Астана суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылууда.

Маалыматтарга караганда, суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолун жууп кетти. Бүгүнкү күнгө карата андагы багыттардын жарымын гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.

Акмоло облусундагы Атбасар шаарында өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 үйдү жана жакында эле оңдоодон өткөн мектепти суу каптаган. Дагы 130 үйгө суу келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.

XS
SM
MD
LG