Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Арстанбап: Жер көчкү жүргөн конуштагылар убактылуу көчүрүлдү


Жер көчкү жүргөн жер
Жер көчкү жүргөн жер

Арстанбапта жер көчкү кырсыгы катталган аймактагы 9 турак үйдүн жашоочулары убактылуу туугандарыныкына көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, аларга коопсуздук боюнча эскертүү берилди.

23-апрелдин кечинде Жалал-Абад облусунда, Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында болжол менен 300 куб метр көчкү жүргөн.

ӨКМ маалымдагандай, Жаңы-Хаят конушунда 8 адам таза суу түтүктөрүн оңдоп жүргөн, алардын 4нү жер көчкү басып калган. Бирөө (32 жашта) кырсык болгон жерден, дагы бирөө (25 жашта) ооруканага жетпей көз жумган. 24 жана 55 жаштагы эки тургун азыр ооруканада, бирөөнүн абалы оорураак. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG