Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

ФСБга кол салуудан жабыркаган кыргыз жаранынын абалы жакшырууда


Хабаровскто ФСБга кол салуудан жабыркаган кыргызстандык жаран Талант Жумаевдин абалы туруктуу, эртең ал жалпы бөлмөгө которулат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Кулукееванын айтымында, ооруканада жаткан кыргызстандык жарандын жанында атасы жана эжеси болууда. Бүгүн Жумаев менен Кыргызстандын Хабаровсктогу ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев барып жолукту.

21-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Хабаровск башкармалыгына кол салуу болуп, эки адам өлтүрүлгөн. 37 жаштагы Талант Жумаев жараат алып, оор абалда реанимацияга жаткырылган.

Расмий маалыматка караганда, ал ФСБнын өкүлчүлүгүнө котормочу катары чакырылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG