Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Кыргыз-казак чек арасынан өтүүнү жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Бүгүн, 24-апрелде кыргыз жана казак парламенттеринин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин мүчөлөрү Казакстандын Кордой айылында жолугушуп, эки өлкө ортосундагы маселелер жаатында пикир алышууда.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, депутаттар адегенде чек ара аймактарындагы өткөрүү түйүндөрүнүн иши менен таанышып, эки өлкө ортосунда каттаган жарандарды өткөрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттарын жакшыртуу керек деген пикирге келишти.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 көзөмөл-өткөрүү пункту бар, алардын төртөө 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу убактылуу жабылып, кийин кайра ачылган.

Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан да толук укуктуу мүчө болуусуна байланыштуу 2015-жылдын август айында кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып салынган болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG