Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:52

SIRPI: Борбордук Европа 2016-жылы аскерий чыгымдарын көбөйттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук Европа өлкөлөрү 2016-жылы коргоо тармагына каражатты көбөйткөнү байкалды. Бул тууралуу Стокольмдогу Дүйнө көйгөйлөрүн изилдөө институту (SIRPI) жарыялаган жаңы баяндамада жазылган. Ага ылайык, мындай кадамга Орусиянын кол салуу коркунучунун жогорулаганы түрткү болгон.

23-апрелде жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Борбордук Европа өлкөлөрүнүн аскерий бюджети 2,6% өскөн.

Орусиянын былтыр аскерий чыгымдары 5,9% өсүп, 69,2 миллиард долларга жеткен. Бул АКШ менен Кытайдан кийинки үчүнчү орунда дегенди билдирет. Кошмо Штаттар өз аскерий чыгымдарын 1,7% көбөйтүп, 611 миллиард долларга жеткирсе, Кытайдыкы 5,4% көбөйүп, 215 миллиард долларды түзгөн.

Баяндамага ылайык, өткөн жылы Сауд Арабиянын аскерий чыгымдары кескин азайган. 2015-жылы коргонууга бөлгөн каражат боюнча үчүнчү орунда турган Сауд Арабиянын аскерий чыгымдары былтыр 30% же 63,7 миллиард долларга чейин кыскарган. Бул кыскаруу мунайга болгон баанын кескин түшүп кетишинен жана Эр-Рияд жарыялаган катуу сарамжалдуулук саясатынан улам болгонун эксперттер белгилешет.

XS
SM
MD
LG