Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

Тиллерсон Киевди колдой турганын билдирди


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер 23-апрелде билдиргендей, мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Украинанын президенти Петро Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. Баарлашуунун негизги максаты Порошенкону Тиллерсондун 11-12 апрелде Москвага жасалган сапары тууралуу кабардар кылуу эле.

Тиллерсон Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө.

Тонердин айтымында, мамкатчы Порошенкого Орусиянын жетекчилигине Вашингтон Москва менен алакасын жакшыртуу ниетине карабастан, Орусиянын Украинанын чыгышындагы аракеттери америка-орус алакасынын жакшырышына тоскоолдук жаратып жатканын айтканын билдирип, Киевди колдоорун кошумчалады.

Ал эми Порошенко Тиллерсонго Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын миссиясынын Луганскта набыт болгон америкалык кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты.

Европа Кызматташтык жана коопсуздук уюмунун атайын мониторинг миссиясынын кайгуул кызматы Донбасста 24-апрелде минага жарылып, бир кызматкер набыт болду. Экөө жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Жардырууда мерт болгон маркум америкалык фельдшер болгон. Ал эми жарадарлардын бири Германиянын, экинчиси Чехиянын жараны.

XS
SM
MD
LG