Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

БУУ: Ооганстанда камактагыларды кыйноо фактылары көбөйдү


Ооганстанда камактагылардын 39% кыйноолорго дуушар болушарын билдиришкен.
Ооганстанда камактагылардын 39% кыйноолорго дуушар болушарын билдиришкен.

Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасында Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин жаңы мыйзамдарды кабыл алып, кеңири жайылган терс көрүнүштү кыскартуу боюнча убадаларына карабастан, бул өлкөдө камактагыларды кыйноо фактылары өскөнү айтылат.

Баяндамада жаңжалдарга байланыштуу камалгандардын кеминде 39 пайызы Улуттар Уюмунун изилдөөчүлөрүнө ооган полициясы, чалгын кызматтары жана башка аскерий кызматкерлер тарабынан кыйноого кабылышканын же катаал мамилеге туш болушканын далилдеп беришкен. 2015-жылы чыккан Улуттар Уюмунун баяндамасында бул сан 35 пайызды көрсөткөн.

Ооганстандын өкмөтү бул көйгөйдү мойнуна алып, кыйноолор кандайдыр бир жеке адамдар тарабынан жасалышы мүмкүндүгүн билдирип, бул улуттук саясатка да каршы келерин кошумчалады.

"Ооганстандын өкмөтү кыйноолорду жана катаал мамилени түп-тамырынан жок кылууга кызыкдар"-деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам берүү миссиясы менен Уюмдун Адам укуктары боюнча кеңсесинин биргелешип чыгарган баяндамасы камактагы 469 адам менен болгон маектерге негизделген. Сурамжылоолор Улуттук коопсуздук башкармалыгы, Ооганстандын Улуттук полициясы жана башка Улуттук коргонуу күчтөрүнө караштуу 62 жабык жайларда эки жыл бою жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG