Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Жыргалаңда куткарылган шахтачылар ооруканага жаткырылды


Куткарылган шахтачылар
Куткарылган шахтачылар

Жыргалаң шахтасында куткарылган эки шахтачы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Экөөнө тең "тоңуп калган" деген диагноз коюлду, жалпы абалы туруктуу. Аларга тиешелүү дары-дармек берилүүдө.

Эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан эки адам бүгүн эртең менен табылгынан "Азаттык" радиосуна Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев кабарлады:

- Саат 10до табылды. Жаңы чыгардык. Өзүлөрү басып чыкты. Тирүү. Баары жакшы. Азыр медиктер карап чыгат. Бири-бирибизди куттуктап жатабыз.

22-апрелде 17:30 чамасында “Дөргө көмүр” көмүр казуу ишканасы жардыруу иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада эски чуңкурда топтолуп турган суу жаңыдан казылган өтмөккө куюлуп, иштеп жаткан Кайрат Дөргөев менен Азамат Тойматовдун дайыны жоголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG