Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Казакстанда террорчулукка шектелген жети киши эки айга камалды


Казакстандын Актөбө шаарында сот “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жактайт деген шек менен жети кишини камоого санкция берди. Алар “диний кастыкты козутуу” жана “террорчулукту пропагандалоо, террордук актыларды жасоого үндөө” беренелери боюнча айыпталууда.

20-апрелде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети "террорчулукка үгүттөө жана диний кастыкты козуткан" деген шек менен он бир жаранды кармаган. Мындан тышкары радикал төрт топ жок кылынганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG