Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:57

Катарда жайгашкан эл аралык "Ал-Жазира" телеканалы 24-апрелде "Кыргызстан - кереметтер өлкөсү" деп аталган 5 мүнөт 40 секунддук көрсөтүүнү эфирден берди.

Анда Кыргызстандын табияты, жайгашкан жери, маданияты, Көчмөндөр оюндары тууралуу баяндалат. Көрсөтүү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында тартылган. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, апрелдин этегине чейин аталган канал Кыргызстандан тартылган алты берүүнү ободон чыгарат. Мекеме бул көрсөтүү бүткүл араб дүйнөсүнө Кыргызстан тууралуу чоң жарнама болот деген ишенимде.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары былтыр сентябрда Ысык-Көлдө өтүп, аны 300дөн ашуун чет элдик журналисттер чагылдырган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG